• Башкы бет
  • УКМКнын чек ара кызматы эки чек ара заставасын аткылап, оор техникаларын жок кылды
15:25, 2022-ж., 16-сентябрь

УКМКнын чек ара кызматы эки чек ара заставасын аткылап, оор техникаларын жок кылды

УКМКнын чек ара кызматы эки чек ара заставасын аткылап, оор техникаларын жок кылды

Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда  Чек ара кызматынын бөлүмдөрү УКМКнын «Ляккан» жана «Богдари» чек ара заставаларын аткылашты.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, жыйынтыгында Тажикстандын коопсуздугун камсыздап жаткан тажик тараптын бир топ оор техникаларын жок кылынган.

Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан салгылашууларды улантууда. Учурда кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүп, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн заманбап курал-жарактарды жана техникаларды колдонууда.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Тажикстан буга чейинки макулдашууларга карабай аткылоону баштаган.

Учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканы айтылууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...