• Башкы бет
  • УКМКнын Чек ара кызматы: тажик тарап танкттарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда
09:53, 2022-ж., 16-сентябрь

УКМКнын Чек ара кызматы: тажик тарап танкттарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 16-сентябры саат 09:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

“Кызыл-Бел-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда.Жолугушууга Тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат.

"УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт. Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда",-деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда,деп билдирүүдө УКМКнын Чек ара кызматы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...