• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасы: тажик тарап бир нече позицияларда аткылоону баштады
06:20, -ж., 16-сентябрь

Кыргыз-тажик чек арасы: тажик тарап бир нече позицияларда аткылоону баштады

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык:

«Саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чыр-Дөбө жана Кум-Кум-Таш аймактарында кыргыз тараптын позицияларын аткылоого киришти. Куралчан топтор Мазар жана Ортобоз участкаларын да аткылоодо",-деп айтылат маалыматта. 

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасын миномёттор менен аткылай баштады.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жайгаштырылган бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

"КР УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...