• Башкы бет
  • Чек ара кызматы: "Самаркандек" заставасында ок атышуу токтоду
16:39, 2022-ж., 14-сентябрь

Чек ара кызматы: "Самаркандек" заставасында ок атышуу токтоду

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы ушул жылдын 14-сентябры саат 16:00гө карата Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

" “Самаркандек” чек ара заставасынын аймагындагы Паскы-Арык жерлигинде ок атышуу токтоду",-деп айтылат маалыматта.    

УКМКнын Чек ара кызматы эрте мененки саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын провокациялары менен коштолуп, улам ок атышуулар маал-маалы менен орун алып жактанын билдирүүдө.   

"Ошентип, саат 08:10до Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай жерлигинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жерлигинде тажик тараптан ок атуулар башталган. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү эми Паскы-Арык жерлигинде уланары күтүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...