• Башкы бет
  • Чек ара: Как-Сай жерлигинде кыргыз-тажик тараптын ок атышуусу токтоду
15:06, 2022-ж., 14-сентябрь

Чек ара: Как-Сай жерлигинде кыргыз-тажик тараптын ок атышуусу токтоду

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы ушул жылдын 14-сентябрынын саат 14.40ка карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде эки тараптын чек ара тарамдарынын ок атышуусу токтогондугун маалымдайт.

"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Эки республиканын чек ара делегацияларынын сүйлөшүүлөрү уланууда",-деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...