• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасы: ок атышуудан улам 2 кыргыз аскери жараат алды
14:43, 2022-ж., 14-сентябрь

Кыргыз-тажик чек арасы: ок атышуудан улам 2 кыргыз аскери жараат алды

Кыргыз-тажик чек арасы: ок атышуудан улам 2 кыргыз аскери жараат алды

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда эки аскер кызматкери жараат алды. 

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдагандай, алар минометтун снарядынын жарылышынан жараат алышкан.

Бир чек арачы жеңил жаракат алган. Экинчи аскердин денесин минометтун снарядынын сыныктары чийип өтүп, контузия алган.

Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ден соолуктары канааттандырарлык деп бааланууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, "тажик чек арачылары миномет" колдонгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...