• Башкы бет
  • Ош шаардык спорт комитети Андижан облусунун спортту өнүктүрүү башкармалыгы менен кызматташат
14:35, 2022-ж., 14-сентябрь

Ош шаардык спорт комитети Андижан облусунун спортту өнүктүрүү башкармалыгы менен кызматташат

Ош шаардык спорт комитети Андижан облусунун спортту өнүктүрүү башкармалыгы менен кызматташат

Андижан облусуна пландалган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети менен Өзбекстандын Андижан облусунун спортту өнүктүрүү башкармалыгынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров менен Андижан облусунун спортту өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Азизбек Юсупов эки тараптуу боордош мамилелерди спорт жагынан өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Маалым болгондой, меморандумда биргелешкен машыгуу сборлорун өткөрүү жана эл аралык турнирлерди уюштуруу белгиленген.

Иш сапардын алкагында Ош делегациясынын өкүлдөрү Андижан облусунун спорттук инфраструктурасы менен таанышып, Футбол академиясына, Гимнастика академиясына, Бокс академиясына, дзюдо, хоккей, жеңил атлетика спорт мектебине барышты. Аталган спорттук жайлардын директорлору менен жолугушууда спорттук инфраструктураны уюштуруунун түрдүү багыттары боюнча тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана байланыштарды өнүктүрүү зарылчылыгы айтылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...