• Башкы бет
  • Кадамжайда каза болгон өспүрүм: Кыздын ата-энеси менен акыркы сүйлөшүүсү
14:41, 2022-ж., 6-сентябрь

Кадамжайда каза болгон өспүрүм: Кыздын ата-энеси менен акыркы сүйлөшүүсү

Сүрөт: Turmush kg

Сүрөт: Turmush kg

Кадамжай районунда өлтүрүлгөн окуучу кыз өлөрдөн мурун ата-энеси менен эмне деп сүйлөшкөнү боюнча «Турмуш» басылмасы жазды.

Аталган басылманын маалыматына ылайык, кыздын атасы Асан Мырзабдыллаевдин айтымында, айдай алардын жалгыз презенти болчу.

«Зөөкүрлөрдү аткыла же элге бергиле.Ошону биз өзүбүз кылабыз, анда.

Акыркы жолу сүйлөшкөндө мен Москвада элем. Ушул окуядан 3 күн мурун сүйлөшкөнбүз. Ошондо мага «жакшымын, окуп жатам» деген эле.

Жоош кыз эле»,-деди А. Мырзабдыллаев.

Сүрөттөр Turmush.kgге таандык.

Апасы Жумагүл кызы менен акыркы жолу эмне деп сүйлөшкөнүн айтты.

«Акыркы жолу өлөрүнөн 2 мурун сүйлөшкөм. «Апа, «единицам» түгөнүп калды. Интернеттен карап, пирог бышырам» деген. Телефонуна акча салып, «бышырдыңбы?» десем, «ооба, бышырдым» деп мага көрсөткөн»,-деди апасы көзүнө жаш алып.

Маркум Айдай жашаган үй. Сүрөттөр Turmush.kgге таандык.

Аталган окуя боюнча ИИМ Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй маалымат жарыялган эле:

2022-жылдын 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү тюнелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган К.А. жансыз денеси табылган. Жашы жете элек кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«Жогорудагы факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш. 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты боюнча учурда тергөө амалдары жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөттөр ИИМдики.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...