• Башкы бет
  • "24 жаштагы келинге 17 жолу бычак сайылган": мурдагы айылын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
13:07, 2022-ж., 2-сентябрь

"24 жаштагы келинге 17 жолу бычак сайылган": мурдагы айылын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, кандуу окуя Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринин короосунда 26-августтан 27не караган түнү болгон. Анда 24 жаштагы келинге 17 жолу бычак сайылганы, кылмышка шек саналып 1989-жылкы мурдагы күйөсү кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда барган сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден ашкан.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн. Соңку учурда адам өлүмү менен аяктаган, кыз-келиндерге, аялдарга карата үрөй учурган зомбулук фактылары орун алууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...