• Башкы бет
  • Эгемендүүлүк күнү: Ош шаарында өтө турган иш-чаралардын тизмеси
15:32, 2022-ж., 30-август

Эгемендүүлүк күнү: Ош шаарында өтө турган иш-чаралардын тизмеси

Эгемендүүлүк күнү: Ош шаарында өтө турган иш-чаралардын тизмеси

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:

- 31-август күнү саат 10:00дө Токтогул жана Навои атындагы шаардык сейил бактарда спорттук иш-чаралар өткөрүлөт, анын ичинде улуттук спорттун түрлөрү (тогуз коргоол, ордо, аркан тартыш, гиря көтөрүү, шахмат, стол тенниси, армрестлинг, ж.б.). Калаадагы бардык сейил бактарында да майрамдарды өткөрүү пландалууда.

- 31-август, саат 11:00дө Төлөйкөн айылындагы ипподромдо Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн ат чабыш өтөт.

- 31-августта саат 19:00дө “Алымбек-Датка” этнографиялык комплексинде шаардын бий топторунун, эстрада жылдыздарынын, музыкалык жана чыгармачылык топтордун катышуусунда концерттик программа болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...