
15:28, 2022-ж., 30-август
УКМК: Эл аралык баңги топтордун биринин мүчөлөрү кармалды

Сүрөт УКМКныкы
УКМК тарабынан 2020-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалып, алардан жалпы салмагы 10 кг Ооган тектүү гашиш баңгизаты табылып алынган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңги затын Талас облусунун Казакстан Республикасы менен чектеш аймагынан К.Е.Б. аттуу Казакстан Республикасынын жараны, Казакстанга контрабандалык жол менен алып кирип сатууну көздөгөнү аныкталган.
"Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 28-августунда “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү учурунда коңшу мамлекеттердин биринин жараны К.Е.Б. кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди",-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер