
15:23, 2022-ж., 30-август
УКМК: Баткенде мыйзамсыз лоторея уюштурулганы аныкталды

24-25-августта Баткенде мыйзамсыз лотерея уюштурулганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ага ылайык, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгүндө (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) каралган кылмыштын негизинде шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жерлерине тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылган. Ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа токтоочу жайга киргизилген.
«Ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары алдамчылык ниетинен улам, автоунааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан. Жеңүүчүлөр катары өздөрүнө тиешеси бар адамдарды колдонуу фактылары аныкталган, бирок чындыгында байгелерди уюштуруучулар өздөрүнө ыйгарып алышкан», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.
Азыркы учурда башка мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктү уюштуруучуларга карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер