• Башкы бет
  • Бишкекте ондогон адамдар нааразычылык акциясына чыкты
15:17, 2022-ж., 30-август

Бишкекте ондогон адамдар нааразычылык акциясына чыкты

Бишкекте ондогон адамдар нааразычылык акциясына чыкты

Бишкек шаарында өкмөт үйүнүн алдына камакта жаткан бир катар активисттерди бошотууну, куугунтукту токтотууну талап кылган 20 чакты адам нааразылык акцияга чыкты.

Алар Мелис Аспековдун, Амангелди Артыковдун, Адилет Балтабайдын, Тилекмат Куреновдун бошотулушун, Батмакан Жолболдуева менен Болот Назаровго козголгон кылмыш ишинин токтотулушун талап кылып жатат.

Милиция кызматкерлери шаардын борбордук аянтында, өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимин көрсөтүп, ал аткарылбаса чара көрүлө турганын эскертти. Мындан улам нааразылыкка чыккандар акциясын Максим Горький атындагы гүлбакта улантарын билдиришти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...