
15:27, 2022-ж., 29-август
Ош шаарында жалпы шаардык ишембиликте 2100 куб таштанды чыгарылды

27-августта Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 31 жылдыгына карата жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Ага шаардын бардык мекеме-уюмдарынын, муниципалдык ишканаларынын жана кызматтарынын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин, анын ичинде жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын кызматкерлери, жалпы тургундар катышты.
Шаар аймагын тазалоонун алкагында ар бир ишкана өздөрүнө бекитилген аймакты таштандылардан тазалоо, мекеме-ишканалардын фасаддарын жуу жана сырдоо, тротуарларды жана каналдарды тазалоо иштерин жүргүзсө, жашоочулар көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын иретке келтиришти.
Ишембиликте чогулган 2100 куб таштандыны “Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” ишканалары ташып чыгарды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
6
live comments feed...
Комментарийлер