
14:40, 2022-ж., 29-август
Кыргызстандан Өзбекстанга дизель майын өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Чек арачылар Кыргызстандан контрабандалык жол менен дизель майынын ири партиясын алып өтүү учурун токтотушту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-августта «Кадамжай-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү бекетинен «Мерседес-Бенц Actros» жүк ташуучу унаа токтотулган. Аны Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан.
Унааны текшерүү учурунда 5 миң литр дизель майы табылган.
Учурда айдоочу унаасы жана жүктөрү менен кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер