• Башкы бет
  • Бишкектин казысы каттоодон өтө элек мечитеттирдин имамдарына жоопкерчиликтүү болууга чакырды
14:36, 2022-ж., 29-август

Бишкектин казысы каттоодон өтө элек мечитеттирдин имамдарына жоопкерчиликтүү болууга чакырды

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) кабарлады. Анда Бишкек шаарынын казысы Шакир Маматов каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары менен жыйын өткөрүп, быйыл бир дагы мечит катталбаганын белгилегени жана бул жаатта жоопкерчиликтүү болууга чакырганы айтылат.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Кыргызстанда мечиттердин саны үч миңге чамалайт. Өлкөдө бир айылда бир канча мечит курулган учурлар бар.

Өткөн айда муфтий Замир Ракиев облус казылары менен жыйын өткөрүп, аймактардагы мечиттерди каттоодон өткөрүүгө бир ай убакыт чектеген.

Ушул тушта мечиттерди каттоо маселелери бир катар аймактарда дагы талкууланып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...