• Башкы бет
  • БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Оштогу бийлик өкүлдөрү менен бир нече маселени талкуулады
15:02, 2022-ж., 26-август

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Оштогу бийлик өкүлдөрү менен бир нече маселени талкуулады

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Оштогу бийлик өкүлдөрү менен бир нече маселени талкуулады

25-августта Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымдын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар шаардагы биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү, анын ичинде жаштарды колдоо, гендердик теңчилик, адам укуктарын сактоо, эмгек миграциясы маселелерин талкуулашты.

Өз сөзүндө В.Рыскулова Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан А.Грейвди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, БУУнун программаларынын шаар калкынын жыргалчылыгы үчүн ар түрдүү багыттарды өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

А.Граве мамлекеттик бийлик органдары менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

“Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте 4 негизги багыт боюнча долбоорлорду ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгууга багыт алганбыз. Бул бардык көйгөйлөрдү өзүнө камтыйт. Мында саламаттыкты сактоо, билим берүү, калктын аялуу катмарын коргоо, жакырчылыкты кыскартууга өзгөчө көңүл бурулат. Дагы санариптик трансформация маселелери, ошондой эле климаттын өзгөрүшү темасы да олуттуу. Ал эми төртүнчү багыт – мамлекеттик башкарууга, адам укуктарына, аялдардын укуктарына, калктын аялуу катмарын коргоого байланышкан маселелер”, - деди БУУнун КРдагы туруктуу координатору.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Ош шаарынын тургундарынын кызыкчылыгы үчүн жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...