
14:57, 2022-ж., 26-август
Каргашалуу жол кырсыгы: элчи ооруканадагылардын абалы менен таанышты

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара Самат Ульяновск облусунун губернатору менен биргеликте 21-августта жол кырсыгынан жабыркаган жарандардан кабар алды.
Элчиликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, жооптуу дарыгерлер бейтаптардын абалынын оң динамикасын жана алардын айыгып кетиши боюнча жагымдуу божомолдорду белгилешкен.
Элчи жабыркаган жарандар менен сүйлөшүп, алардын ар бирине президенттин фондунан бөлүнгөн 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын тапшырган.
Белгилей кетсек, каза болгондордун жакындарына убактылуу турак-жай бөлүп берүү маселеси да оң жагына чечилген.
Ошондой эле, элчилик жарандарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү маселесин көзөмөлдөп турат.
Эске салсак, Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгы катталган. Анда 16 адам, анын ичинде 14 кыргызстандык каза болгон. Үчөө жараат алып ооруканага түшкөн.
Каза болгондордун сөөгү атайын учак менен алынып келинип, жакындарына президенттик фонддон 300 миң сомдон жардам берилген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер