• Башкы бет
  • Акылбек Жапаров менен казак премьер-министрли чек арадагы жүк өткөрүү маселесин талкуулады
14:45, -ж., 26-август

Акылбек Жапаров менен казак премьер-министрли чек арадагы жүк өткөрүү маселесин талкуулады

Акылбек Жапаров менен казак премьер-министрли чек арадагы жүк өткөрүү маселесин талкуулады

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жолугушуп, чек арадан жүктү тоскоолдуксуз өтүшүнө байланыштуу маселени талкуулашты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жолугушууда “Ак-Тилек” жана “Кара-Суу” өткөрүү пункттарынын аймагындагы Өнөр жай-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу, Казакстанда дизелдик отунга болгон баанын көтөрүлүшү талкууланды.

Тараптар айыл чарба тармагында кызматташуу, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргызстандын жүк ташуучу автоунааларынын тоскоолдуксуз өтүшүнө байланыштуу маселелерди сүйлөштү.

Мындан сырткары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлүмү 2022-жылдын алты айында 568 млн. долларды түзгөнү айтылды. Бул өткөн жылдын ушул убагына салыштырганда 24% көп. Бул санды 2 млрд. долларга жеткирүү планы белгиленди.

Жапаров менен Смаилов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар эки өлкө ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо өңдүү динамиканын далили болгондугун белгилешкен.

Алихан Смаилов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышуу үчүн 25-августта Кыргызстанга келген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...