• Башкы бет
  • Орусиянын кассеталык бомбаларынан улам 200дөн ашык адам каза болгон
14:43, -ж., 26-август

Орусиянын кассеталык бомбаларынан улам 200дөн ашык адам каза болгон

Орусиянын кассеталык бомбаларынан улам 200дөн ашык адам каза болгон

Орус армиясы ушул жылы Украинанын аймагына кассеталык бомбалар менен жүздөгөн сокку урду. Андан 200дөн ашуун жайкын тургундар каза болуп, 500ү жараат алган.

Бул тууралуу куралдын ушул түрүнө каршы демилгелерди көтөргөн Cluster Munition Coalition 25-августтагы жылдык баяндамасында белгиленген.

1-июлга карата Орусия Украинанын 24 аймагынын 10уна кассеталык бомбаларды пайдаланган. Өз кезегинде украин армиясы снаряддын бул түрүн кеминде үч жолу Донецк, Харьков жана Херсон облустарында колдонгонун докладдын авторлору жазышкан.

Байкоочулардын белгилешинче, кассеталык бомбадан жабыркагандардын саны өткөн жылы кыйла кыскарган. 2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан бери ушул багытта абал кайра начарлап кеткен.

Дүйнөдө кассеталык бомбаларды колдонууга тыюу салуу боюнча конвенция 2010-жылдан бери күчүнө кирген. Ага 100дөн ашык мамлекет кол койгон, бирок Орусия да, Украина да кошулган эмес. Москва менен Киев бири-бирин бул куралдарды колдонгону үчүн айыптоодо.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...