• Башкы бет
  • Латвия: советтик жоокерлердин эстелиги толугу менен талкаланды
14:39, 2022-ж., 26-август

Латвия: советтик жоокерлердин эстелиги толугу менен талкаланды

Латвия: советтик жоокерлердин эстелиги толугу менен талкаланды

Латвиянын борбору Риганын Жеңиш гүлбагындагы советтик жоокерлердин эстелиги толугу менен талкаланды. Акыркылардан болуп 79 метрлик стела, ага чейин Кызыл Армиянын жоокерлерин чагылдырган эстелик алынган.

Шаршемби күнү Латвиянын полициясы эстеликтин айланасына барып, аны бузууга каршы чыккан 14 адамды кармаган. Орусиянын Ригадагы элчилиги скульптуралык композициянын бузулушуна жооп катары дипломатиялык жана экономикалык чараларды камтыган сунуштарды даярдаганын билдирген.

Риганын Жеңиш гүлбагындагы “Советтик Армиянын жоокерлерине – Советтик Латвияны жана Риганы фашисттик баскынчылардан бошотуучуларга эстелик” деп аталган мемориалдык комплекс 1985-жылы курулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...