
17:08, 2022-ж., 25-август
Ош шаарынын А. Масалиев проспектисиндеги тротуарды реконструкциялоо иштери жүрүүдө

Ош шаарынын Масалиев проспектисин бойлой Шамшиев көчөсү менен кесилишкен жерден Нурматов көчөсүнө чейинки аралыкта жолдун эки тарабындагы тротуарды реконструкциялоо жана куруу иштери башталды. Анын узундугу 2,21 км, туурасы 2 метрди түзөт.
Эске салсак, Масалиев проспектисинин Монуев көчөсү менен кесилишинен Шамшиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуарды реконструкциялоо иштери жүрүүдө.
Ишти Ош шаардык жолдор башкармалыгынын адистери көзөмөлдөп жатат. Ушул жылдын төртүнчү кварталынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
Буга чейин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйыл Ош шаарында 38 көчөдөгү тротуарлар реконструкцияланат. Бардык жумуштарды жыл аягына чейин бүтүрүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер