15:36
Кечээ
Иллюстрациялык сүрөт
Талас районунун Манас айылында 17 жаштагы кыз зордукталып, кош бойлуу болгон деген окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Облустук милициянын маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмү ("Зордуктоо") менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.
Милиция беш көкүл быйыл июндун этегинде айылдашы тарабынан зордукталганын айтып арыз жазганын 25-августта билдирди. Андан башка маалымат берген жок.
Текшерүү учурунда анын кош кат экени аныкталган.
Социалдык тармактарда кыздын жакындары милиция өз убагында алардын арызын карабай койгону тууралуу маалымат тарап жатат.
Комментарийлер