
17:05, 2022-ж., 25-август
Аба ырайы: тоолордо өткүн өтөт

26-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24…29;
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 27…29 градуска чейин ысыйт.
Чолпон-Атада маал-маалы менен өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° болот.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер