• Башкы бет
  • Кытайлык инвесторлор Оштогу бийлик өкүлдөрү менен жолукту
16:38, 2022-ж., 24-август

Кытайлык инвесторлор Оштогу бийлик өкүлдөрү менен жолукту

Кытайлык инвесторлор Оштогу бийлик өкүлдөрү менен жолукту

23-августта Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен Кытай Эл Республикасынан келген бир катар инвесторлордун жолугушуусу болуп өттү. КМШ өлкөлөрүндө “Foton” маркасындагы автобустарды сатуу боюнча директор Лю Гуанвэй менен жолугушууда Ош шаарында автобустарды чогултуу боюнча биргелешкен ишкана ачуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Хэнань университетинин Жибек Жолу Кыргыз-Кытай институтунун аткаруучу директору Лян Чжянь Чжун менен жолугушуу болуп, анда Ош шаарында аталган университеттин факультетин ачуу, туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери тууралуу сөз жүрдү.

Ага улай Кытай темир жолунун биринчи тобунун Түштүк Азия өкүлчүлүгүнүн өкүлү Гай Цай менен саркынды суу системасын модернизациялоо, суу менен камсыздоо тутумдарына фильтрлерди орнотуу боюнча сунуштар жөнүндө талкуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар пландалган долбоорлорду мындан ары өнүктүрүү жана ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...