• Башкы бет
  • Улуттук банк Кыргызстандан экспорттолгон 19 тонна алтын боюнча жооп берди
16:36, 2022-ж., 24-август

Улуттук банк Кыргызстандан экспорттолгон 19 тонна алтын боюнча жооп берди

Улуттук банк Кыргызстандан экспорттолгон 19 тонна алтын боюнча жооп берди

Улуттук банк Кыргызстандан белгисиз өлкөгө экспорттолгон 19 тонна алтын боюнча расмий жооп берди. Мекеме бул чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктү камсыз кылуу үчүн Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу операциясындагы маалымат экенин белгилеген. 

Буга чейин, Улуттук статистика комитетинин маалыматында былтыр Кыргызстанан алтын экспорту 24,8 тоннага жеткени айтылган. Анын 4 тоннасы Улуу Британияга, 1 тоннасы Швейцарияга, ошондой эле Орусияга, Кытайга, Италияга жана Түркияга да аз-аздан, 19,2 тонаасы «белгисиз өлкөгө» экспорттолгонун билдирген. Улуттук банк алтын-валюта резервдери менен операциялар купуя маалыматтарга киргендиктен, ал экспорттолгон өлкө ачыкталбай турганын айткан.

«Бул 2021-жылдын башындагы Улуттук банктын акча-кредит саясатынын алкагында чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу боюнча операцияларын чагылдырат. Алтын-валюта резервдери менен операциялар жөнүндө маалыматтар коопсуздук принциптерин сактоо зарылчылыгынан улам купуя маалыматтардын категориясына кирет. Кыргызстандын Улуттук банкы аталган принципти сактагандыктан бул операциялар тууралуу маалымат чектелген мүнөзгө ээ» — деп айтылат билдирүүдө. 

Алтынды тышкы рыноктордо сатып өткөрүүдөн алынган 1,1 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине түшкөн. Ал сумма былтыр өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө , чет өлкө валютасында өлкөнүн башка милдеттенмелерин жана тышкы карызды төлөө боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө жумшалган. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...