• Башкы бет
  • Баткенде мыйзамсыз алюминий зымын ташып келүү ишине бөгөт коюлду
16:35, 2022-ж., 24-август

Баткенде мыйзамсыз алюминий зымын ташып келүү ишине бөгөт коюлду

Баткенде мыйзамсыз алюминий зымын ташып келүү ишине бөгөт коюлду

Баткенде бажы жана чек ара кызматкерлери биргеликте дээрлик жарым миллион сомдук алюминий зымын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюшту.

Бажы кызматы тараткан маалыматка ылайык, «Hyundai Porter»  унаасынын жүк салуучу бөлүгүн текшерүүдө ар биринин салмагы 84 кг, узундугу 1000 метр болгон изоляциясы жок А35 маркасындагы 20 рулон алюминий зым табылган.

Жүк ЕАЭБ аймагына алып кирүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай коштоо документтери жок ташып киргизилген.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 480 миң сомду түзгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...