• Башкы бет
  • Президент УКМКнын кызматкерлерине батирлерди тапшырды
16:34, 2022-ж., 24-август

Президент УКМКнын кызматкерлерине батирлерди тапшырды

Президент УКМКнын кызматкерлерине батирлерди тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойноорун белгилеген.

«Сиздер терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо алдыӊкы катарда болуп келесиздер. Сиздерге коомдогу туруктуулук менен укуктук тартипти бекемдөө, коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү жоопкерчилиги да жүктөлгөн. Бул жаӊы мамилени, заманбап билимди жана чын ыкластан берилүүнү талап кылган ары татаал милдеттер», — деген Садыр Жапаров.

УКМК кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырып жатып, президент мугалимдер менен медиктерди жеңилдетилген шарттагы турак-жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу да айткан.

«Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн  ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз.  Ушуну эсиңиздерге  алып койушуңуздар керек», — деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, бул турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Ал 1,5 жылдын ичинде курулуп,  чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...