• Башкы бет
  • Өзбекстандан Кыргызстанга чет элдик валюталарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар токтотулду
16:31, 2022-ж., 24-август

Өзбекстандан Кыргызстанга чет элдик валюталарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар токтотулду

Өзбекстандан Кыргызстанга чет элдик валюталарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар токтотулду

Өзбекстандын Наманган облусунда Кыргызстан аркылуу чет элдик валюталарды мыйзамсыз сыртка чыгаруу менен алектенген топтордун ишмердүүлүгүн токтоттуу максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Наманган облусунун Касансай районунда жашаган ага-ининин автоунаасы чек арадан Кыргызстан тарапка өтүүгө аракет кылган маалда токтотулган.

«Автоунааны текшерүү учурунда арткы орундуктун алдынан 205 600 АКШ доллары салынган полиэтилен баштык, ошондой эле 836 000 жана 800 000 доллар салынган эки синтетикалык кап табылды«, – деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары мыйзамсыз валюта ташыгандарды аныктоо иш-чарасынын жүрүшүндө Касансайдын 33 жаштагы дагы бир тургуну кармалып, автоунаасынан 167 100 АКШ доллары табылды.

Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары башталды.
Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасында валютаны жана башка товарларды мыйзамсыз алып өтүү үчүн колдонулуп келген төрт тоннель табылганы кабарланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...