
16:26, 2022-ж., 24-август
Эртең тоолуу райондордо өткүн өтөт

25-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24…29;
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 27…29 градуска чейин ысыйт.
Чолпон-Атада маал-маалы менен өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 20…22° болот.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер