
14:11, 2022-ж., 23-август
Ош шаары Япониянын Осака шаары менен мамилелерди өнүктүрөт

22-август күнү Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов Кыргыз Республикасынын Япониянын Осака шаарындагы Ардактуу Консулу Бунно Такаси менен жолугушту.
Жолугушууда Камчыбек Досматов атайын иш сапар менен Ош шаарына келгендиги үчүн Бунно Такаси мырзага калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун жана шаардык мэриянын атынан ыраазычылык билдирип, 3000 жылдан ашуун тарыхы бар Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы, стратегиялык өнүгүү пландары жөнүндө маалыматтар менен бөлүштү.
Ошону менен бирге Япония өлкөсүнүн өнүккөн шаарлары менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси көтөрүлдү.
Ардактуу Консул Бунно Такаси Кыргызстанда экинчи шаар болгон Ош шаары менен Японияда экономикалык кубаттуулугу жактан экинчи шаар болуп эсептелген Осака шаарынын окшош жактарын белгилеп, эки шаардын ортосунда достук мамилелерди орнотууга дипломатиялык корпустар менен макулдашуу менен өз салымын кошуу ниетин билдирди.
Иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин алдында түзүлгөн “Япон борборунун” ишмердүүлүгү менен таанышып чыккандыгын белгилеп, аталган борбордо тил үйрөнүп жаткан жаштарга билимин Япониянын алдыңкы окуу жайларында улантууга колдоо көрсөтүлөрүн айтты.
Ошондой эле, “Fieldon” компаниясынын башкы директору Сейко Хамакаваны тааныштырды. “Fieldon” компаниясы Кыргызстанда өндүрүлгөн балды Япония өлкөсүнө экспорттогон алдыңкы компаниялардын бири жана экспорттун көлөмүн жогорулатууга ниеттенип жатышкандыгын билдиришти.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер