• Башкы бет
  • Ош: Заднепровский көчөсүндөгү тротуарды реконструкциялоо иштери аяктады
14:10, 2022-ж., 23-август

Ош: Заднепровский көчөсүндөгү тротуарды реконструкциялоо иштери аяктады

Ош: Заднепровский көчөсүндөгү тротуарды реконструкциялоо иштери аяктады

Заднепровский көчөсүн бойлой (Алиев көчөсү менен кесилишинен Ленин көчөсүнө чейинки аралык) жолдун эки тарабындагы тротуарды реконструкциялоо иштери аяктады. Жасалган тротуардын узундугу 3300 м2, туурасы 2,25-3 метр.

Долбоорго Михаил Архангел атындагы орус православдык чиркөөсүнүн айланасындагы жолду жана Курманжан-Датка көчөсүнүн Заднепровский көчөсүнөн Асранкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүн асфальттоо да кирди.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйыл Ош шаарында 38 көчөнүн тротуарлары реконструкцияланат. Бардык жумуштарды ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...