• Башкы бет
  • Ош шаарында инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча семинардын катышуучулары сыйланышты
14:08, 2022-ж., 23-август

Ош шаарында инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча семинардын катышуучулары сыйланышты

Ош шаарында инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча семинардын катышуучулары сыйланышты

22-августта Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты түзүү боюнча көчмө жыйын өттү.

Иш-чаранын алкагында эл аралык стандарттарга ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу, аймактарга жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге инвестициялык паспортторду берүү темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгында окуу-семинардын 30дан ашык угуучулары, анын ичинде түштүктөгү үч облустун мамлекеттик кызматкерлери, тагыраагы Президенттин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземине КР УИАнын директору Равшан Сабиров, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов катышты.

Түштүктө мындай семинар биринчи жолу өтүп жатат, буга чейин бул семинар Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрүлгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...