
14:01, 2022-ж., 23-август
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына облустук телекомпаниялар өткөрүлдү

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (мурдагы КТРК) карамагына облустук телекомпаниялар жана Асанкан Жумахматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин чоң концерттик студиясы өткөрүп берилди. Бул туурасындагы жарлык Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган.
Жарлык 5-августта чыккан. Анын негизинде УТРКга кошумча каржылоо бөлүнүп, кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылат. Телекомпанияны техникалык модернизациялоо болот. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен «Республикалык радиотелеборбору» бириктирилди.
Облустук телеканалдар тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмүнөн чыгарылып УТРКнын карамагына өттү.
Башкы телеканал Кыргызстандагы эң ири телерадиоберүү компаниясы болуп эсептелет, аны каржылоо үчүн бюджеттен жылына 350-400 млн сом акча бөлүнүп келген.
Быйыл КТРКга Улуттук макам берүү сунушталып, апрелде колдоо тапкан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
live comments feed...
Комментарийлер