• Башкы бет
  • Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Гүлнара Баатырова дайындалды
13:57, 2022-ж., 23-август

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Гүлнара Баатырова дайындалды

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Гүлнара Баатырова дайындалды

Президент Садыр Жапаров Гүлнара Баатырованы саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Анын бул кызматка талапкерлиги кийинки айда Жогорку Кеңеште жайкы тыныгуудан кийин келгенде каралмакчы.

Баатырованын эмгек жолу тууралууу маалымат дээрлик жокко эссе. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. Айрым бир маалыматтарга караганда, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык аккредитациялык комиссияны жетектеген.

Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынган. Анын ордуна Жаркынбек Касымбеков министрдин милдетин аткарып жаткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...