15:11, 2022-ж., 22-август

Султан Раевдин атасы кайтыш болду

Султан Раевдин атасы кайтыш болду

Жазуучу, драматург, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин атасы Аким Раев  кайтыш болду.

Turmush басылмасынын маалыматына ылайык, Султан Раевдин атсы эртең, 23-август күнү Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылында акыркы сапарга узатылат.

Жазуучу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына атасы тууралуу мынтип эскерүү жазган:

"Апамын актык деми үзүлүп, көзү жуумулуп баратканда атамдын айткан сөзү эсимде…

- Кемпир, мага ыраазысыңбы? Мен сенин артыңдан бир- эки күндө барам… Мени күтүптүр… - деп, жанын сабап, апамдын бырыш баскан колдорун өөп-өөп ыйлап жиберген эле. Атамдын көзүнөн биринчи жолу жаш көргөм. Атамдын ыйлаганын да биринчи жолу уккам…

Кургап калган эриндерин акырын эпке келтирип, атамдын колун акырын сылап, үнү кысылып, кепке келди…

-Чал, сен шашылба, балдарга баш көз болуп, беш жылдай туруптур… жаша… Мен сени күтөм. Мен эми эч жака шашпайм чал. Шашып жүрүп, өмүр да көзгө чачылган кумдай өтүп кетти, - деп, башын оң тарапка буруп жатып, - Ыраазымын, - деди.

Бүгүн тур-туура беш жыл өттү.

Атам апама жол алды… Алыскы алыскы жолго, өмүр менен өмүрдүн баркын дагы бир жолу эскерткен түбөлүктүү жолго…

Атам десем… ааламдын эскерүүсү көзүмөн учат…

- он төрт жашында Сталинден медаль алганы…

- Улуу Жеңиштен кийин атасын күтүп, 1945-жылы августта атасынын колуна тийген “кара кагазы”…

- кырк жыл айылда почточу болуп, минген чобур аты…

- кызыл шыйракка тийген камчы изи…

-денемин баарын бөрү жатыш басып кеткенде атка өңөрүп Кабылан- Көлдөн алып келгени…

- таңга маал, кычыраган суукта кой базарга баратканыбыз…

- аскерге баратканымда биринчи жолу бетимен өөпкөнү…

…баары баары көздөн учат…

…Коош ата, биз балдарың сизге Ыраазыбыз…".

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...