• Башкы бет
  • Вело жарыш: Франциялык спортчу маарага биринчи келди
13:56, 2022-ж., 22-август

Вело жарыш: Франциялык спортчу маарага биринчи келди

Вело жарыш: Франциялык спортчу маарага биринчи келди

Кыргызстанда өтүп жаткан «Жибек жолу» веложарышында франциялык спортчу биринчилерден болуп маарага жетти. Бул тууралуу жарыштын уюштуруучулары Silk Road Mountain Race расмий баракчасында маалымдалды. 

Веложарыш быйыл биринчи жолу өлкөнүн түштүк аймагынан башталган. Ага Ош шаарынан 163 спортчу 12-августтан 13-августка оогон түнү саат 00:00дө жөнөп кеткен. Алар Жиптик ашуусу, Арстанбап, Казарман, Нарын, Тамга, Ысык-Көлдүн түштүк жээги, Соң-Көл көлү, Тосор ашуусу аркылуу Бишкек шаарына дээрлик 1900 чакырымды шайтан араба менен басып өтүп жатат.

Франциялык Софияне Сехили маарага 5 күн 7 сааат 6 мүнөттө биринчилерден болуп жетип барды.

Учурда дагы 88 катышуучу жүрүштү улантып жатат. Алардын ичинде кыргыз спортчусу Максим Черкасов алтынчы болуп бара жатат. Азыр ал 1863 киллометр жолдун 1649 чакырымын басып өткөн. Жалпы велосипедчилер Бишкекке 27-августка чейин жетиши керек.

Веложарыштын уюштуруучулары Бишкекке алдыңкылардан болуп жеткен үч катышуучуга калпак жана атайын сувинер белек кылышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...