• Башкы бет
  • Ошто эң узун көчөлөрдүн бирин реконструкциялоо иштери башталды
16:19, 2022-ж., 20-август

Ошто эң узун көчөлөрдүн бирин реконструкциялоо иштери башталды

Ошто эң узун көчөлөрдүн бирин реконструкциялоо иштери башталды

Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жолдун эки тарабындагы тротуарларды оңдоо иштери башталды. Мында жасалуучу тротуардын узундугу 5,5 км, туурасы 3 метр болот. Жумуш IV кварталдын аягында бүткөрүлүүсү пландалууда.

Буга чейин Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, быйыл калаада 38 көчөнүн тротуарларын реконструкциялоо максатталган. Учурда 18 көчөнүн боюндагы 26 чакырым тротуарда иш жүрүп жатат. Бардык жумуштарды ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү аракети көрүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...