• Башкы бет
  • Ош шаарында жалпы ишембилик өткөрүлдү
16:17, 2022-ж., 20-август

Ош шаарында жалпы ишембилик өткөрүлдү

Ош шаарында жалпы ишембилик өткөрүлдү

Бүгүн, 20-август күнү Ош шаарынын аймагында 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата жалпы ишембилик уюштурулуп, ага мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары жана калаа тургундары чыгышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө ар бир мекеме-ишканалар өздөрүнө бекитилген аймактарда санитардык тазалоо жумуштарын жүргүзүшсө, жашоочулар көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы өсүп кеткен чөптөрдү оруп, тазалашты. 

Ал эми чогултулган 2000 куб таштандыларды “Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканалары ташып чыгарды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...