• Башкы бет
  • Кыргызстан криминалдуу 40 өлкөнүн катарына кирди
16:14, 2022-ж., 20-август

Кыргызстан криминалдуу 40 өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан криминалдуу 40 өлкөнүн катарына кирди

Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан алдыңкы 40 криминалдуу өлкөнүн катарына кирди. Изилдөөнүн жыйынтыктары Numbeo кызматынын сайтында жарыяланды.

Изилдөө көрсөткөндөй, Кыргызстан 2022-жылдын биринчи жарымында кылмыштуулук боюнча 142 өлкөнүн ичинен 36-орунга чыкты. Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн рейтинги акыркы 36 айдагы маалыматтарды колдонуу менен жылына эки жолу түзүлөт.

Өлкөдөгү кылмыштуулуктун деңгээли кылмыштуулуктун индексин баалоонун негизинде эсептелет. 0дөн 19,99га чейинки индекс өтө төмөн, 20дан 39,99га чейин – төмөн, 40тан 59,99га чейин – орточо, 60тан 79,99га чейин – жогорку, 80 жана андан жогору — абдан жогору кылмыштуулукту билдирет.

2022-жылдын биринчи жарымында кылмыштуулук боюнча 83,16 жана 80,26 индекстери менен Венесуэла жана Папуа-Жаңы Гвинея алдыга чыккан. Бул өтө жогорку кылмыштуулуктун деңгээлин билдирет. Андан кийин Ооганстан (78,19 индекси менен 3-орун), Түштүк Африка (75,37 индекси менен 4-орун) жана Гондурас (74,66 индекси менен 5-орун) турат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...