• Башкы бет
  • Түмөнбай Колдошев окуу жайдагы каржылык маселе боюнча жооп берди
16:10, 2022-ж., 20-август

Түмөнбай Колдошев окуу жайдагы каржылык маселе боюнча жооп берди

Түмөнбай Колдошев окуу жайдагы каржылык маселе боюнча жооп берди

Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин жетекчиси Түмөнбай Колдошев мекемедеги каржылык маселе боюнча кылмыш иши жөнүндө түшүндүрмө берип, учурда тергөө жүрүп жатканын маалымдады. Колдошев видео кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган.

Анын айтымында, окуу жайдын бухгалтери коллежде иштебеген үч кишиге жана өзүнө мыйзамсыз акча которуп жүргөн. Колдошев бул маалымат бухгалтери иштен бошогондон кийин билингенин айтып, бирок акчаны кайтарып берем деген убадасынан кийин укук коргоо органдарына кайрылбаганын белгилейт.

“Мен башында эле айтып койсом, ал акчаларга менин эч кандай тиешем жок. Жетекчи катары кол коюп, мөөр баскан эмесмин. 40 миң сомдой акча кассага которулган. Калгандары кайтарыла элек болчу. Иш Биринчи май райондук прокуратурасында тергелип жатат. Мен дагы суракка бардым. Тергөө бүтсүн, ким күнөөлү болсо жооп беребиз. Мен дагы жетекчи катары жоопкерчилигимди сезип жатам”, - деди Колдошев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...