14:08
-ж., 29-февраль
Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭСтин биринчи агрегатынын курулушу аяктап, сыноодон өткөрүлдү. Биринчи агрегаттын электр энергиясын иштеп чыгуудагы кубаттуулугу 1 мегаватт болот. Бул айылга жалпысынан беш каскаддуу чакан ГЭС 20 агрегат менен курулуп, 10 мегаватт электр энергиясын иштеп чыга турган болот, деп жазат "Азаттык".
Жергиликтүү инвестор каржылап жаткан долбоорго жалпы 7 млн. доллар инвестиция салынат. Биринчи каскаддын курулушуна 800 миң АКШ доллары жумшалган.
Учурда Кыштут дарыясына эки бассейн, 700 метрлик канал курулуп, беш чакырымдык электр мамычалары орнотулуп, электр зымдары тартылган.
Комментарийлер