13:49, 2022-ж., 19-август
Журналисттин өлүмүнө шек саналып кармалган блогер үй камагына чыкты
Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып абакта отурган блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 19-августта «Т-Медиа» Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замир Ормоновго шилтеме берүү менен жазды.
Анын айтымында, 18-августта Баткен райондук сотунун токтому менен камактагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Кийинки отурум 8-сентябрга белгиленди.
Блогердин кармалышы
«Батма-Бат» Ютуб каналынын башчысы Батмакан Жолболдуева 28-мартта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган. Алгач ага карата «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
«Батма-бат» YouTube каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуева «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында 28-мартта кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 127 («Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү»), 190(«Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу»), 379 («Документтерди жасалмалоо») жана 280-беренелери («Бейбаштык») менен төрт кылмыш иши козголгон.
Ош шаардык соту 21-апрелде Батмакан Жолболдуеваны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган. 25-майда сот анын камактагы мөөнөтүн эки айга узарткан.
Журналист Арзыгүл Галымбетова 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:08
-ж., 29-февраль
14:04
-ж., 29-февраль
14:02
-ж., 29-февраль
14:01
-ж., 29-февраль
13:59
-ж., 29-февраль
13:55
-ж., 29-февраль
13:52
-ж., 29-февраль
13:49
-ж., 29-февраль
live comments feed...
Комментарийлер