
14:40, 2022-ж., 18-август
Ош шаарында таштандыларды иргөө үчүн стационардык аянтча ачылды

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен “Ош-Тазалык” ишканасы бүгүн, 17-августтан тарта тиричилик таштандыларын бөлүп сорттоочу контейнерлер менен чогултуучу стационардык аянтчалардын жаңы долбоорун ишке киргизди. Белгилей кетсек, бул участок Араван кичи районундагы Г.Айтиев көчөсүндөгү №11, №13 көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна орнотулуп, мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатат.
Бул пилоттук долбоордун алкагында турмуш-тиричилик таштандыларын сорттоп, курулуш жана коммерциялык таштандыларды уруксатсыз чыгарууну көзөмөлдөө үчүн стационардык жерде диспетчер туруктуу жайгашат.
Долбоор менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов таанышып, анын шаардын экологиялык абалын жакшыртуудагы маанисин белгиледи.
Жалпысынан 10го жакын мындай стационардык участокторду орнотуу пландаштырылууда. Бул долбоор “Ош-Тазалык” тарабынан өз алдынча ишке ашырылып, калаанын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.
Ошондой эле мэр жакынкы үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту. Жергиликтүүлөр долбоор боюнча ойлорун билдиришип, ага улай балдар аянтчасын жаңыртып берүүнү суранышты. Бул багытта мэр тарабынан тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жеринде тапшырмалар берилди.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер