• Башкы бет
  • Ош шаарына Маниса шаарынан делегация келди
14:39, 2022-ж., 18-август

Ош шаарына Маниса шаарынан делегация келди

Ош шаарына Маниса шаарынан делегация келди

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун чакыруусу менен боордош Түркия Республикасынын Маниса шаарынын делегациясы Ош шаарына таза суу менен камсыздоо жаатында тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен келди.

Делегация менен болгон жолугушууда мэр Алмаз Мамбетов Ош шаары боордош шаарлар менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө ар дайым даяр экенин белгилеп, түрк тилдүү мамлекеттердин муниципалитеттери менен тарыхый тыгыз байланышы бар экенин баса белгиледи.

Делегациянын өкүлү, Маниса шаарынын суу менен камсыздоо ишканасынын башкы директорунун орун басары Гөкхан Чевик делегация Оштогу суу менен камсыздоо ишканаларын кыдырып, өз сунуштарын берүүгө жетишкенин айтты. Көптөгөн перспективдүү багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылчылыгы да баса белгиленди.

Ушул жылдын июнь айында Маниса шаарында Ош жана Маниса шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча программага кол коюлган, анда шаар көйгөйлөрүн чечүү боюнча ар тараптуу тажрыйба алмашуу каралган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...