• Башкы бет
  • Кытайлык дарыгерлер Кыргызстанга келип көзгө акысыз операция жасашары күтүлүүдө
14:34, 2022-ж., 18-август

Кытайлык дарыгерлер Кыргызстанга келип көзгө акысыз операция жасашары күтүлүүдө

Кытайлык дарыгерлер Кыргызстанга келип көзгө акысыз операция жасашары күтүлүүдө

Кытай дарыгерлери Кыргызстанга келип көздүн катаратасына 550 бекер операция жасашы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда айтылды.

Маалыматка караганда, Кытайдын алдыңкы дарыгер-офтальмологдору «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында өлкөгө келгени жатат. Алар октябрь айында Кыргызстандагы муктаж жарандарга көздүн катаратасына операция жасашат.

Ошондой эле, жолугушууда:

§кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш убактысын 31-октябрга чейин 2 саатка узартуу чечими кабыл алынганы;

§эки өлкөнүн ортосундагы авиа каттамдарынын жыштыгын жумасына 3 жолкуга чейин көбөйтүү пландалып жатканы айтылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...