• Башкы бет
  • Украина: Харьковго атылган ракета бир нече адамдын өмүрүн кыйганы айтылууда
14:23, 2022-ж., 18-август

Украина: Харьковго атылган ракета бир нече адамдын өмүрүн кыйганы айтылууда

Украина: Харьковго атылган ракета бир нече адамдын өмүрүн кыйганы айтылууда

Украинанын Харьков шаарынын Салтовка району 17-августтун кечинде аткылоого кабылды. Шаардын мэри Игорь Терехов көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанына ракета түшүп, өрт чыкканын билдирди. Мэрдин маалыматы боюнча, андан жети адам каза болуп, 17 киши жараат алды. Набыт болгондордун арасында 11 жаштагы бала бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Телеграммдагы баракчасына аткылоодон жабыркаган имарат жатакана экенин жазып, чабуулду “жарандык объектилерге күтүүсүз кол салуу” деп атады.

Таң эрте Харьковго кайрадан абадан сокку урулуп, шаарга кеминде дагы беш ракета атылганы кабарланды. Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов алардын бири Слободский районундагы жатаканага тийгенин билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, соккудан бир адам каза болуп, 18 киши жараат алды. Анын ичинде экөө балдар.

Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар боюнча комментарий бере элек. Согуш болуп жаткан тапта маалыматты көз карандысыз булактардан тез арада тактоо мүмкүн эмес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...