• Башкы бет
  • Казакстан: январ окуяларында каза болгон жарандардын тизмеси жарыяланды
15:31, 2022-ж., 17-август

Казакстан: январ окуяларында каза болгон жарандардын тизмеси жарыяланды

Казакстан: январ окуяларында каза болгон жарандардын тизмеси жарыяланды

Казакстандын Башкы прокуратурасы 16-августта Январь окуяларында каза болгондордун тизмесин жарыялады. Тизмеде 238 кишинин ысымдарынын баш тамгалары жана фамилиялары жазылган.

Маркумдардын жаш курагы жана кандай жагдайларда каза болгону тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Алардын кимисин күч түзүм кызматкерлери «антитеррордук операциянын» жүрүшүндө өлтүргөнү да белгисиз.

Мындан тышкары прокуратура жарыялаган тизмеде кимдер кокустан атылган октон, башка каражаттарды колдонуудан өлгөнү жана кыйноо учурунда каза болгону жазылган эмес. Буга чейин прокуратура органдары 6 адам тергөө изоляторунда кыйноолордон улам мерт болгонун билдирген.

Мурдараак Токаев түзгөн фонд кокустан өлүп калган 19 адамдын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп бергенин кабарлаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...