• Башкы бет
  • Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камакка алынды
15:28, 2022-ж., 17-август

Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камакка алынды

Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камакка алынды

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы караган соттук отурум жабык өттү. Жыйынтыгында эки айга абакта калтыруу чечими кабыл алынды.

Блогердин жакындары шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрыла тургандыгын билдиришти.

Ырыс Жекшеналиев 14-август күнү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылгандан кийин Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына эки суткага камалган. ИИМ бул боюнча билдирүү таратып, Жекшеналиевдин кармалышына Фейсбуктагы өзү администратор болгон «Полит Узник» баракчасына УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени тууралуу эски кайрылуусун жарыялаганы себеп болгонун билдирген. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандык) 3-бөлүмүнө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...