
15:26, 2022-ж., 17-август
Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгына дагы эки медаль түштү

Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Суучул 16-августта брасс боюнча 100 метр аралыкка сүзүүдө жеңүүчү болду. Анын жыйынтыгы 1 мүнөт 0,54 секунд болду.
Ушул эле күнү дзюдо боюнча Шахида Нармухамедова экинчи орунду багындырып, күмүш медаль тагынды. Ал 78 килограммга чейинкилер арасында финалда түркиялык балбанга жеңилген.
V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылды. Кыргызстандын эсебинде сегиз алтын, жети күмүш жана сегиз коло байге бар.
Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңге жакын катышуучу спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн таймашат. Мелдештер 18-августка чейин уланат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер